# 41-берене. Шаар куруу жана архитектура объекттерин долбоорлоого жана курууга коюлуучу талаптар

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 41-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-41

---

1. Калктуу конуштарды долбоорлоо жана куруу, турак жай райондорун түзүү, долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды (административдик, турак жай, коомдук, өнөр жай, соода), анын ичинде аэропортторду, темир жол вокзалдарын. автовокзалдарды жана башка транспорттук инфраструктураны куруу жана кайра конструкциялоо шаар куруу ченемдерине жана универсалдык дизайн принциптерине ылайык майыптыгы бар (анын ичинде кресло-коляскалардын же башка көмөкчү каражаттардын жардамы менен жүргөн) адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн бул объекттерди жана каражаттарды ыңгайлаштырууну эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеткиликтүүлүк шарттарын камсыз кылбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт.

3. Коомдук имараттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү долбоордук чечимдерди иштеп чыгууга жана алардын жеткиликтүүлүк талаптарына шайкештигин баалоого тартылат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-42)
