# 40-берене. Майыптыгы бар адамдардын инфратүзүм объекттерине жана транспорт коммуникацияларына жеткиликтүү болуусунун кепилдиктери

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 40-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-40

---

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) майыптыгы бар адамдардын турак жайларга, коомдук, административдик жана өндүрүштүк имараттарга, курулмаларга жана жайларга, эс алуу жерлерине, спорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жана маданият уюмдарына (мекемелерине) баруусу үчүн шарттарды түзүүгө;

2) коомдук транспортту жана транспорттук коммуникацияларды, байланыш жана маалымат каражаттарын тоскоолдуксуз пайдалануусун, ошондой эле универсалдуу дизайн жана жөндүү ылайыкташтырылган түзүлүштөр аркылуу мейкиндикте эркин багыт алуусун жана жүрүүсүн камсыз кылууга.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-41)
