# 4-берене. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 4-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-4

---

1. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.

3. Майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо жаатындагы мамилелердин субъекттери болуп жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.

4. Министрлер Кабинети майыптык маселелери боюнча, анын ичинде БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды аныктайт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-5)
