# 39-берене. Майыптыгы бар адамдардын маданият уюмдарына (мекемелерине) жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 39-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-39

---

1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдардын маданият уюмдарына (мекемелерине), дене тарбия жана спорт менен машыгуулары үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларга эркин баруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуусу, ошондой эле атайын спорт инвентарларынын берилишин камсыз кылуусу керек.

2. Маданият уюмдары (мекемелери) майыптыгы бар адамдар үчүн музейлерге, көргөзмөлөргө, театрларга, кинотеатрларга, цирктерге жана башка маданий объекттерге акысыз кирүү күндөрүн белгилөөгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-40)
