# 38-берене. Санариптик жеткиликтүүлүк

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 38-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-38

---

1. Санариптик форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.

2. Мобилдик түзүлүштөр жана компьютерлер үчүн программалык тиркемелер, алардын жардамы менен калкка кызмат көрсөтүлүүчү интернет-сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн экрандан окуу программаларына ылайыкталышы керек.

3. Коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери, банкоматтар жана банк терминалдары техникалык стандарттарга жана универсалдуу дизайн принциптерине ылайык майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде көрүү, угуу жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдардын өз алдынча колдонуусуна ылайыкташтырылышы керек.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-39)
