# 37-берене. Майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун камсыз кылуу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 37-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-37

---

Мамлекет майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылат:

1) майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлаштырылган мезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымдама-маалыматтык жана көркөм адабияттарды чыгаруу;

2) республикалык телеканалдардын биринде жаңылыктар программаларын жаңсоо тилине же субтитр түрүндө которууну уюштуруу;

3) тиешелүү майыптык категорияларындагы адамдар үчүн жеткиликтүү форматтарды өнүктүрүү;

4) майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын расмий сайттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-38)
