# 35-берене. Майыптыгы бар адамдарды үйүндө тарбиялоо жана окутуу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 35-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-35

---

1. Майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген балдарды жалпы типтеги билим берүү уюмдарында же атайын билим берүү уюмдарында окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ата-энелеринин каалоолорун эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу үйүндө жүргүзүлөт.

2. Билим берүүнү башкаруу органдары менен билим берүү уюмдары жалпы билим берүү, атайын же жекече программа боюнча өз үйүндө окутууну камсыз кылышат.

3. Майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген балдарды үйүндө окутууну уюштуруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-36)
