# 34-берене. Майыптыгы бар адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 34-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-34

---

1. Майыптыгы бар адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим жалпы типтеги кесиптик билим берүү уюмдарында берилет.

2. I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, ошондой эле майыптыгы бар балдар башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын бекитилүүчү адамдардын көрсөтүлгөн категориясы үчүн гранттык орундардын квотасынын чегинде, конкурстун негизинде кабыл алынат.

Майыптыгы бар адамдар кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган учурда окутуу наркын төлөө менен келишим боюнча баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына конкурстан тышкары кабыл алынат.

3. Майыптыгы бар адамдар үчүн башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн бардык адистиктери боюнча билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүндөгү орундарга квоталоо боюнча ченемдер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-35)
