# 33-берене. Майыптыгы бар балдарга мектептен тышкары билим берүү

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 33-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-33

---

1. Майыптыгы бар балдардын ар тараптуу жана шайкеш өсүп жетилишин, аларда коомдук жигердүүлүктү, эмгекке кызыгууну, илимге, техникага, искусствого, спортко тартууга тарбиялоо, социалдаштыруу зарылчылыгы жана коомдук жашоого кошуу максатында мамлекет майыптыгы бар балдарга зарыл шарттарды түзүү менен мектептен тышкары тарбиянын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Майыптыгы бар балдар башка балдар менен бирдей спорттук иш-чараларга, оюндарга, бош убакытты өткөрүүгө жана эс алууга, анын ичинде билим берүү тутумунун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-34)
