# 31-берене. Майыптыгы бар балдарга мектепке чейинки билим берүү

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 31-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-31

---

1. Мектепке чейинки курактагы майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу жана окутуу үчүн бир кыйла ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана аларга зарыл болгон мектепке чейинки жалпы типтеги билим берүү уюмдарында керектүү реабилитациялык же абилитациялык жардам көрсөтүү максатында майыптыгы бар балдардын аларда жүрүүсү үчүн шарттар түзүлөт.

2. Жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүрүү мүмкүнчүлүгү болбогон майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектепке чейинки уюмдар же жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында атайын топтор түзүлөт.

3. Мектепке чейинки өнүктүрүү программалары майыптыгы бар балдардын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү баалоонун негизинде ишке ашырылат.

4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткиликтүүлүктү кепилдейт жана майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелүү балдарды окутуунун формаларынын альтернативдүү варианттарынын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-32)
