31-берене. Майыптыгы бар балдарга мектепке чейинки билим берүү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Мектепке чейинки курактагы майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу жана окутуу үчүн бир кыйла ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана аларга зарыл болгон мектепке чейинки жалпы типтеги билим берүү уюмдарында керектүү реабилитациялык же абилитациялык жардам көрсөтүү максатында майыптыгы бар балдардын аларда жүрүүсү үчүн шарттар түзүлөт.
2. Жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүрүү мүмкүнчүлүгү болбогон майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектепке чейинки уюмдар же жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында атайын топтор түзүлөт.
3. Мектепке чейинки өнүктүрүү программалары майыптыгы бар балдардын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү баалоонун негизинде ишке ашырылат.
4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткиликтүүлүктү кепилдейт жана майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелүү балдарды окутуунун формаларынын альтернативдүү варианттарынын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-31" title="31-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>