# 29-берене. Майыптыгы бар адамдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 29-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-29

---

1. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга жеткиликтүү болушу үчүн зарыл шарттарды түзүү кепилдигин берет.

2. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга мектепке чейинки, мектептеги, мектептен тышкары жана кесиптик билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Майыптык статусунун жоктугу жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген адамдардын билим алуусуна тоскоол болбошу керек.

3. Мамлекеттик муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында майыптыгы бар адамдарды тарбиялоо жана окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат.

4. Жеке менчик түрүндөгү билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдарга окуу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.

5. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды зарыл кесиптик көндүмдөргө окутуу максатында, мамлекеттик билим берүү уюмдары билим берүү кызматтарын көрсөтө албаган учурда реабилитациялоо борборлорунан жана тиешелүү профилдеги башка атайын уюмдардан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу.

6. Майыптыгы бар адамдарды окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен окутуу программаларын, материалдарын жана окутуу усулдарын ыңгайлаштырат жана өркүндөтөт.

7. Мамлекет окутуунун жана тарбиялоонун атайын усулдарын билген атайын педагогдорду даярдоону камсыз кылат.

8. Окуп жаткан майыптыгы бар адамдарды билим берүү процессинде коштоо билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

9. Мамлекет майыптыгы бар балдарга педагогдорду даярдоону уюштуруунун, жалпы билим берүү уюмдарын керектүү жабдуулар менен жабдуунун, майыптыгы бар балдардын укуктары жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүнүн эсебинен инклюзивдик билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

10. Маалымат иштерин жүргүзүү коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандырууга багытталган.

11. Кесиптик билим берүү эмгек рыногуна багытталышы керек.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-30)
