# 28-берене. Ишкердик иш

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 28-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-28

---

1. Мамлекет майыптыгы бар адамдардын ишкердик иш менен алектенүүсү үчүн шарттарды түзөт, бирок алар төмөнкүдөй чаралар менен чектелбөөгө тийиш:

1) мамлекеттик сатып алууларда артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди берүү;

2) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же мамлекеттин катышуу үлүшү 30 пайыз жана андан ашык болгон юридикалык жактарга таандык жер участоктору же имараттар үчүн ижара акыны төмөндөтүү;

3) майыптыгы бар адамдар тарабынан түзүлгөн ишканаларга майыптыгы бар адамдар үчүн товарларды даярдоо боюнча тапшырыктарды берүү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте социалдык тапшырык.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар, жеке эмгек иши менен алектенген адамдарга көрсөтүлгөн иш үчүн турак эмес жайларды же жер участокторун издөөдө, чийки заттарды сатып алууда жана өндүрүмдөрдү сатууда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-29)
