# 27-берене. Майыптыгы бар адамдардын эмгектен мертинүүгө байланышкан эмгек иши

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 27-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-27

---

1. Иш берүүчүлөр ошол уюмда эмгектен мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болгон кызматкерлерди ишке орноштуруу үчүн жаңы жумуш орундарын бөлүп берүүгө же түзүүгө милдеттүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талап аткарылбаган учурда, бул кызматкерлер менен эмгек келишими токтотулганда, иш берүүчү укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Иш берүүчүдө жаш курагы боюнча пенсияга чыкканга чейин иштеген майыптыгы бар адамдар башка кызматкерлер менен бирдей негизде медициналык тейлөө, турак жай, ден соолукту чыңдоочу жана алдын алуучу мекемелерге жолдомолор менен камсыз болуу боюнча учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган башка социалдык кепилдиктерди пайдалануу укугун сактап калат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-28)
