# 24-берене. Майыптыктын алдын алуу

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 24-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-24

---

1. Мамлекет ден соолукту коргоо, эрте диагноз коюу, жашоонун экологиялык чөйрөсүн жакшыртуу, сергек жашоо ыңгайын калыптандыруу, дени сак жана коопсуз эне болууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштө жаракат алууну болтурбоо, жол кыймылынын коопсуздугу жана кесиптик ооруларды азайтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

2. Иш берүүчүлөр жумушчулар, айрыкча жогорку тобокелдик шарттарында иштеген жумушчулар үчүн үзгүлтүксүз медициналык текшерүүлөрдү камсыз кылууга, ошондой эле кесиптик тобокелдиктерди азайтууга жана эмгек шарттарын жашыртууга багытталган программаларды ишке киргизүүгө милдеттүү.

3 Мамлекет жашоо-тиричилигинин жана ден соолугунун функциялык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн эрте реабилитациялоо жана абилитациялоо тутумун өнүктүрөт.

4. Майыптыктын алдын алууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Мамлекет алардын ишин координациялайт жана алдын алуу иш-чараларынын ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-25)
