24-берене. Майыптыктын алдын алуу
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 4-глава
1. Мамлекет ден соолукту коргоо, эрте диагноз коюу, жашоонун экологиялык чөйрөсүн жакшыртуу, сергек жашоо ыңгайын калыптандыруу, дени сак жана коопсуз эне болууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштө жаракат алууну болтурбоо, жол кыймылынын коопсуздугу жана кесиптик ооруларды азайтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
2. Иш берүүчүлөр жумушчулар, айрыкча жогорку тобокелдик шарттарында иштеген жумушчулар үчүн үзгүлтүксүз медициналык текшерүүлөрдү камсыз кылууга, ошондой эле кесиптик тобокелдиктерди азайтууга жана эмгек шарттарын жашыртууга багытталган программаларды ишке киргизүүгө милдеттүү.
3 Мамлекет жашоо-тиричилигинин жана ден соолугунун функциялык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн эрте реабилитациялоо жана абилитациялоо тутумун өнүктүрөт.
4. Майыптыктын алдын алууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Мамлекет алардын ишин координациялайт жана алдын алуу иш-чараларынын ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-24" title="24-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>