# 2-берене. Ушул Мыйзамдын предмети

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 2-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-2

---

1. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарга карата алардын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, майыптыгы бар адамдардын толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий, маданий жана социалдык турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна мүмкүндүк берүүчү жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт.

2. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарды коргоо жана колдоо кепилдиктерин, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоого, майыптыктын алдын алууга жана майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-3)
