# 17-берене. Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 17-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-17

---

1. Майыптыгы бар адамдар башка жарандар менен катар эле конституциялык мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.

2. Мамлекет саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин тизмесиндеги орундарга квота берүү, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзамдарында каралган башка чаралар аркылуу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдарды шайлоо үчүн шарттарды түзөт.

3. Мамлекет шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде жеткиликтүү шайлоо участкалары, шайлоо жөнүндө материалдар жана маалыматтар менен камсыз кылууну, ошондой эле көмөкчү технологияларды колдонуу менен же коштоп жүргөн адамдын жардамы менен өз алдынча жана жашыруун добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кепилдейт.

4. Майыптыгы бар адамдар шайлоо маселелери боюнча жана шайлоо процессиндеги жеткиликтүү форматтардагы билим берүү жана маалыматтык программаларга жетүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-18)
