17-берене. Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 3-глава
1. Майыптыгы бар адамдар башка жарандар менен катар эле конституциялык мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.
2. Мамлекет саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин тизмесиндеги орундарга квота берүү, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзамдарында каралган башка чаралар аркылуу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдарды шайлоо үчүн шарттарды түзөт.
3. Мамлекет шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде жеткиликтүү шайлоо участкалары, шайлоо жөнүндө материалдар жана маалыматтар менен камсыз кылууну, ошондой эле көмөкчү технологияларды колдонуу менен же коштоп жүргөн адамдын жардамы менен өз алдынча жана жашыруун добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кепилдейт.
4. Майыптыгы бар адамдар шайлоо маселелери боюнча жана шайлоо процессиндеги жеткиликтүү форматтардагы билим берүү жана маалыматтык программаларга жетүүгө укуктуу.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-17" title="17-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>