# 16-берене. Кошумча социалдык кепилдиктер

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 16-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-16

---

1. Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна же көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдарга Министрлер Кабинети аныктаган шарттарда жана тартипте жеке ассистенттин кызматтары көрсөтүлөт.

2. Майыптыгы бар адамдар мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан кезексиз тартипте кызмат көрсөтүүлөрүн алууга укуктуу.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-17)
