# 15-берене. Ассистивдик технологияларды берүү

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 15-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-15

---

1. Майыптыгы бар адамдар реабилитациялоонун же абилитациялоонун жеке программасына ылайык ассистивдик технологиялар менен камсыз кылынат.

2. Ассистивдик технологиялар майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери (турган жери, иш жүзүндө жашаган жери) боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилет.

3. Иш берүүчүнүн (менчигинин түрүнө карабастан уюмдун, мекеменин, ишкананын) күнөөсү боюнча эмгектен мертинүүгө же кесиптик дартка чалдыккан майыптыгы бар адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен ассистивдик технологиялар менен камсыз кылынат.

4. Майыптыгы бар балдарды тарбиялоону жана окутууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдары мамлекет тарабынан ылайыкташтырылган окуу материалдары, атайын шрифти бар басылмалар, үндү күчөтүүчү жабдуулар жана сигнал бергичтер менен камсыз кылынат.

5. Майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ассистивдик технологиялардын тизмеги жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-16)
