15-берене. Ассистивдик технологияларды берүү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 2-глава
1. Майыптыгы бар адамдар реабилитациялоонун же абилитациялоонун жеке программасына ылайык ассистивдик технологиялар менен камсыз кылынат.
2. Ассистивдик технологиялар майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери (турган жери, иш жүзүндө жашаган жери) боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилет.
3. Иш берүүчүнүн (менчигинин түрүнө карабастан уюмдун, мекеменин, ишкананын) күнөөсү боюнча эмгектен мертинүүгө же кесиптик дартка чалдыккан майыптыгы бар адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен ассистивдик технологиялар менен камсыз кылынат.
4. Майыптыгы бар балдарды тарбиялоону жана окутууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдары мамлекет тарабынан ылайыкташтырылган окуу материалдары, атайын шрифти бар басылмалар, үндү күчөтүүчү жабдуулар жана сигнал бергичтер менен камсыз кылынат.
5. Майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ассистивдик технологиялардын тизмеги жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-15" title="15-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>