# 13-берене. Социалдык-тиричилик жактан тейлөө

- Документ: [Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5633/edition/36287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030633/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 13-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-13

---

1. Майыптыгы бар, жалгыз жашаган жана башка бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж болгон адамдарга үйүндө социалдык тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.

2. Социалдык коргоо органдары майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери боюнча социалдык-тиричилик жактан, анын ичинде азык-түлүк жана өнөр жай товарларын жеткирүү, тамактандырууну, турмуш-тиричиликти жана бош убакытты уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

3. Кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик жана/же көз карандысыз адистерди, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын арасындагы адистерди тартуу ыктымалдуулугу менен майыптыгы бар адамдын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоонун негизинде социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Үйүндө социалдык тейлөөнү уюштуруунун жана социалдык-тиричилик кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633/st-14)
