13-берене. Социалдык-тиричилик жактан тейлөө
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 2-глава
1. Майыптыгы бар, жалгыз жашаган жана башка бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж болгон адамдарга үйүндө социалдык тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
2. Социалдык коргоо органдары майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери боюнча социалдык-тиричилик жактан, анын ичинде азык-түлүк жана өнөр жай товарларын жеткирүү, тамактандырууну, турмуш-тиричиликти жана бош убакытты уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
3. Кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик жана/же көз карандысыз адистерди, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын арасындагы адистерди тартуу ыктымалдуулугу менен майыптыгы бар адамдын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоонун негизинде социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Үйүндө социалдык тейлөөнү уюштуруунун жана социалдык-тиричилик кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-13" title="13-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>