11-берене. Социалдык коргоонун түрлөрү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 2-глава
Майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо майыптыгы бар адамдардын коомдук турмушка катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн багытталган социалдык жардам берүү менен камсыз кылынат. Мамлекет тарабынан социалдык коргоонун төмөнкүдөй түрлөрү кепилденет:
1) пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана компенсациялар;
2) социалдык-тиричилик жактан тейлөө;
3) башка бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж жалгыз жашаган майыптыгы бар адамдарды үйүндө социалдык жактан тейлөө;
4) социалдык (адистештирилген) тейлөө мекемелеринде кызмат көрсөтүүлөр;
5) ассистивдик технологиялар менен камсыз кылуу;
6) реабилитация жана абилитация;
7) кошумча социалдык кепилдиктер.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-11" title="11-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>