# КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 483 "Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартибин жана учурларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 483 "Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартибин жана учурларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43910/edition/36265/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 483 "Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартибин жана учурларын бекитүү жөнүндө" токтому (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030617

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 8 -августу № 483

Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартибин жана учурларын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-августунда № 61 (3717) жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
