# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 19-июнундагы №11-8 «Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө » токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 19-июнундагы №11-8 «Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө » токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11-8
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43885/edition/36231/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 19-июнундагы №11-8 «Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө » токтому (19.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030591

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын

2025-жылынын 19-июнь № 11-8

«Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө »

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №406 токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө” Жобого ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы чыгыш №01-28/1167 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы отурумунун №3 протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовдун берген маалыматы эске алынсын.

2.Кызыл-Туу айыл аймагынын МХО участкасына ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бере турган муниципалдык мал базар курууга 94 880 000 (Токсон төрт миллион сегиз жүз сексен миң) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берилсин.

3.Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредитти алууну камсыздоого 3-05-07-0033-1286 идентификациялык коду менен катталган мал базар астындагы 16,0 га жер аянты күрөөгө коюга макулдук берилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго милдеттендирилсин.

5.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.

Төрага

А.Р.Алимов
