# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 13 «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 13 «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43843/edition/42122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 13 «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030537

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-апрели № 13

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 23-мартындагы №01.1-6/75 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

• «комиссиянын мүчөлөрү» деген сөздөрдөн кийин «Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси» деген сөздөр менен толукталсын;

• «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин орун басары» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги» деген сөздөргө алмаштырылсын;

• «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси – юристи» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси – юристи» деген сөздөргө алмаштырылсын;

• «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын материалдык бухгалтери» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын материалдык бухгалтери» деген сөздөргө алмаштырылсын;

• «Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын ТСЖ боюнча жетектөөчү адиси» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
