Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 13
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 23-мартындагы №01.1-6/75 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 «Турак жай маселелери боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
• «комиссиянын мүчөлөрү» деген сөздөрдөн кийин «Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси» деген сөздөр менен толукталсын;
• «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин орун басары» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
• «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси – юристи» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси – юристи» деген сөздөргө алмаштырылсын;
• «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын материалдык бухгалтери» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын материалдык бухгалтери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
• «Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын ТСЖ боюнча жетектөөчү адиси» деген сөздөрдү «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 "Турак-жай маселелери боюнча комиссияны түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2024 · № 35
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилди)Положение · 31.05.2022 · № 291
- Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 01.04.2022 · № 21
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021