Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-августу № 710-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 818-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2025-жылга 42000 адам өлчөмүндө аныкталсын.";
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 818-т (Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө…Распоряжение · 20.12.2024 · № 818-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 268 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 19.09.2024 · № 268