# 26-берене. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 "Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030503/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5630/edition/36134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030503/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 26-берене (30.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030503/st-26

---

Насыялык маалымат жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу мыйзамдарды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.". 2-берене. "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кредиттик келишимди же акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүүнү караган башка келишимди (мындан ары - кредиттик келишим) түзгөнгө чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) эгерде тыюу салуу мындай келишимге жайылтылса, кардар менен кредиттик келишим түзүүгө ал тарабынан тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу маалыматты иштеп жаткан кредиттик бюролордон сурап алууга. Банктык кызмат көрсөтүүчү адамдарга мындай маалыматты берүү кредиттик бюролор тарабынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Мында кредиттик бюролор Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу бар экендиги/жоктугу (алынгандыгы) тууралуу маалыматты өз убагында бербегендиги, актуалдуу эмес, жалган маалымат бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат;

2) кредиттик келишим түзүүгө кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга.

Банктык кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан ушул бөлүктүн талаптарын сактабастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз болуп саналат.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503/st-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503/st-3)
