26-берене. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 30.07.2025 редакциясы
Насыялык маалымат жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу мыйзамдарды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.". 2-берене. "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кредиттик келишимди же акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүүнү караган башка келишимди (мындан ары - кредиттик келишим) түзгөнгө чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эгерде тыюу салуу мындай келишимге жайылтылса, кардар менен кредиттик келишим түзүүгө ал тарабынан тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу маалыматты иштеп жаткан кредиттик бюролордон сурап алууга. Банктык кызмат көрсөтүүчү адамдарга мындай маалыматты берүү кредиттик бюролор тарабынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Мында кредиттик бюролор Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу бар экендиги/жоктугу (алынгандыгы) тууралуу маалыматты өз убагында бербегендиги, актуалдуу эмес, жалган маалымат бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат;
2) кредиттик келишим түзүүгө кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга.
Банктык кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан ушул бөлүктүн талаптарын сактабастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз болуп саналат.".
Берененин тексти 30.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030503/st-26" title="26-берене - Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>