# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5629/edition/36126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030498

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 10-июлу № 139

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030498/st-1)

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене.

1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:

- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;

- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;

- кофе үчүн пластик капсулалар;

- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.

2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

2) 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана жээк зонасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүлүүсүнө тыюу салынат.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030498/st-6)

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга;

- соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүгө.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030498/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2025-жылдын 4-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
