Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2025-жылдын 4-июну № 3119-VII "Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Толонов, Д.Д.Бекешев, К.К.Сулайманов, Н.Я.Алимжанова, С.М.Зулпуев, А.Н.Абдибаева тарабынан демилгеленген "Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Б.А.Эргешов, Н.А.Нарматова тарабынан демилгеленген "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен экинчи окууда бириктирилсин.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Н.Тургунбек уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160