1-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Чарбалык жумуштарды жүргүзүүдө жана аймактарды өздөштүрүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарыхый-маданий мурас объекттеринин табылуу потенциалы жогору болгон аймактардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) бекитет. Эгерде ээликтен ажыратылуучу аймак ушул Тизмекке киргизилсе, маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган археологиялык изилдөө жөнүндө (мындай объекттердин бар же жок экендиги жөнүндө) корутундуну макулдашат. Эгерде ээликтен ажыратылыш жаткан аймак ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Тизмекке киргизилген болсо, суунун капташына же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды курууну жүргүзүүчү уюмдар инженердик-изилдөө иштеримин баскычында жана жерди которууда (трансформациялоодо) бул аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү. Археологиялык изилдөө ушул Мыйзамдын 33-статьясына ылайык белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт. Чарбалык жумуштардын процессинде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого коркунуч туулса же аларды коргоо эрежелери бузулса, бул жумуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.";
2) 33-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Археологиялык эстеликтерди, анын ичинде суу алдындагы эстеликтерди чалгындоого, казууга жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө атайын уруксат - Ачык барак болгондо гана жол берилет, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилүү түрдөгү иштерди бир жылдан ашык эмес жүргүзүү укугуна берилет жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан катталат. Ачык барактарды алган адистер аларды мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттоого жана изилдөөнүн мөөнөтү аяктагандан кийин отчет менен бирге аларды берген органга кайтарып берүүгө милдеттүү. Археологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жана Ачык баракты берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030452/st-1" title="1-берене - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>