Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Станциялык курулмаларга: автовокзалдарга, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга коюлуучу талаптарды бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 25-августу № 239
«Станциялык курулмаларга: автовокзалдарга, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга коюлуучу талаптарды бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” жобого ылайык, долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана капиталдык оңдоодон өтүүчү станциялык курулмаларга: автовокзалдарга, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга карата талаптарды жана ченемдерди белгилөө максатында, буйрук кылам:
1.Тиркелген “Станциялык курулмаларга: автовокзалдарга, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга коюлуучу талаптар жөнүндө жобо” бекитилсин.
2. Автовокзалдарды, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Жобонун талаптарына ылайык келтирүү, ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү станциялык курулмалардын ээлеринин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
3. Бул буйрук расмий катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтында жарыялансын.
4. Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, буйруктун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган учурдан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Министр
А.Т. Сыргабаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 03.03.2023 · № 115
- Станциялык курулмаларга: автобекеттерге, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга коюлуучу талаптар жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Транспорт жана…Положение · 25.08.2025 · № 239