# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 742-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312- т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 742-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312- т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 742-р
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19547/edition/36031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 742-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312- т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” тескемеси (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030430

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 28-августу № 742-т

Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, республиканын мамлекеттик органдарын жана региондорун күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында,“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

“1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын курамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энергетика маселелерин тейлеген орун басары, Штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын энергетика министри, Штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын агартуу министри; Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча).”.
