Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312- т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-августу № 742-т
Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, республиканын мамлекеттик органдарын жана региондорун күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында,“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
“1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энергетика маселелерин тейлеген орун басары, Штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын энергетика министри, Штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын агартуу министри; Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча).”.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312-т (Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча…Распоряжение · 07.06.2022 · № 312-р