# 318-9-берене. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттанууну кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5625/edition/36020/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 318-9-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-9

---

1. Даттануу ал сотко келип түшкөн учурдан тартып отуз күндүн ичинде, аксакалдар сотунда ишти кароого катышкан адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган жактардын кимдир бирөөсү сот жыйналышына келбей коюшу арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Сот ишти кароодо өз алдынча талаптары бар тарап же үчүнчү жак болуп саналган жаран каза болгондугуна байланыштуу, ошондой эле тарап аракетке жөндөмсүз деп таанылгандыгына же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн жоктугуна байланыштуу аксакалдар сотунун даттанылуучу чечиминин аракетин токтотуп турууга укуктуу.

4. Сот даттанууда баяндалган жүйөлөр жана процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү, берилген далилдер жана иште болгон башка материалдар менен чектелбестен, талашты туура чечүү үчүн аксакалдар сотунун даттанылуучу чечими боюнча иш жүзүндөгү жагдайларды изилдейт.

---

Мурунку берене: [318-8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-8)  
Кийинки берене: [318-10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-10)
