# 318-8-берене. Даттанууну кайтарып берүү. Даттанууну кароосуз калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5625/edition/36020/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 318-8-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-8

---

1. Судья даттанууну жана ага тиркелген документтерди алар сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө кайтарып берет, эгерде:

1) даттанууга кол коюлбаса же ага кол коюуга укугу жок адам кол койсо;

2) ишке катышкан жактарга даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жөнөтүлгөндүгүнүн же тапшырылгандыгынын далилдери берилбесе;

3) иш бул сотко караштуу болбосо;

4) даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз ээсинен даттанууну кайтарып берүү жөнүндө арыз келип түшкөн болсо;

5) даттанууну берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч даттанууга тиркелбесе.

2. Сот даттанууну кайтарып берүү жөнүндө аныктама чыгарат. Даттанууну кайтарып берүү аны кайтарып берүү үчүн негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин ошол эле талап менен сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

3. Сот даттанууну төмөнкү учурларда кароосуз калтырат, эгерде:

1) иш бул сотко караштуу болбосо;

2) даттануу талаптагыдай эмес арыз ээси тарабынан берилсе;

3) даттануу аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

4) даттануу кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко билдирүүгө ыйгарым укугу жок адам тарабынан кол коюлса.

4. Даттанууну кароосуз калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат жана ал даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [318-7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-7)  
Кийинки берене: [318-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-9)
