# 318-7-берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттанууну кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5625/edition/36020/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 318-7-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-7

---

1. Даттанууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүн ичинде судья тарабынан жеке жүргүзүлөт. Даттанууну кабыл алуу жөнүндө судья ишти соттун жыйналышында териштирүүгө дайындоо, аны өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Ишке катышкан жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Кабарлоолор жана чакыруу каттары процесстин катышуучуларына алар ишке даярдануу жана сотко өз убагында келүү үчүн жетиштүү мөөнөткө ээ болгудай эсеп менен дарек ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлаган тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кабарлоо жана чакыруу каты ишке катышкан тарап же башка адам көрсөткөн дарек боюнча жеткирилет. Эгерде сотко билдирилген даректе жаран иш жүзүндө жашабаса, кабарлоо же чакыруу каты анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн.

Юридикалык жак сот жыйналышынын же өзүнчө процесстик иш-аракетти өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө анын органы жайгашкан жери боюнча сот тарабынан кабарланат. Сот ишке катышкан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын коммуникативдик байланыштын жардамы менен, же болбосо сот тарабынан даректелген тиешелүү кабарлоонун жиберилгендигин жана алынгандыгын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлоого же чакырууга укуктуу. Мында берилген тексттин сотто калган жана ишке тиркелген көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген күнү жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [318-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-6)  
Кийинки берене: [318-8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-8)
