318-7-берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттанууну кабыл алуу
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы
1. Даттанууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүн ичинде судья тарабынан жеке жүргүзүлөт. Даттанууну кабыл алуу жөнүндө судья ишти соттун жыйналышында териштирүүгө дайындоо, аны өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Ишке катышкан жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Кабарлоолор жана чакыруу каттары процесстин катышуучуларына алар ишке даярдануу жана сотко өз убагында келүү үчүн жетиштүү мөөнөткө ээ болгудай эсеп менен дарек ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлаган тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кабарлоо жана чакыруу каты ишке катышкан тарап же башка адам көрсөткөн дарек боюнча жеткирилет. Эгерде сотко билдирилген даректе жаран иш жүзүндө жашабаса, кабарлоо же чакыруу каты анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн.
Юридикалык жак сот жыйналышынын же өзүнчө процесстик иш-аракетти өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө анын органы жайгашкан жери боюнча сот тарабынан кабарланат. Сот ишке катышкан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын коммуникативдик байланыштын жардамы менен, же болбосо сот тарабынан даректелген тиешелүү кабарлоонун жиберилгендигин жана алынгандыгын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлоого же чакырууга укуктуу. Мында берилген тексттин сотто калган жана ишке тиркелген көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген күнү жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
318-7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030420/st-318-7" title="318-7-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>