# 318-6-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5625/edition/36020/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 318-6-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-6

---

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) даттануу берилген соттун аталышы;

2) даттанууну берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо телефондорунун, факсынын номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жак үчүн - анын каттоо номери, жайгашкан жери жана башка реквизиттери;

3) аксакалдар сотунун даттанылып жаткан чечими;

4) даттануу берген жактын өтүнүчү;

5) даттанууга тиркелген документтердин тизмеги.

3. Даттанууга аны берген адам кол коёт. Өкүл тарабынан берилген даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы мөөр менен ырасталат.

4. Даттануу берген жак ишке катышкан башка жактарга даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.

5. Даттанууга даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышкан жактарга жиберилгендигинин далилдери тиркелүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [318-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-5)  
Кийинки берене: [318-7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030420/st-318-7)
