Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер жана шарттар боюнча атайын тергөө аракеттерин жүзөгө ашырат;";
2) 219-беренеде:
а) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "айрым жактардын арызы болгондо," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле шектүүлөрдү, айыпкерлерди, соттолгондорду жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жөнүндө чет мамлекеттердин суроо-талаптары келип түшкөндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Айыпталуучунун келишин жана (же) издөөнү уюштурууну камсыз кылуу үчүн прокурорго жөнөтүлгөн соттун токтому бар болгондо, ошондой эле тергөө токтотулган кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн айыпкер адамдарга карата алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы прокурордун макулдугу менен ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнүч козгойт.";
3) 222-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча атайын тергөө аракеттери издөөдө жүргөн адамдар кармалганга чейин жүргүзүлөт.".
4) 230-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте сүйлөшүүлөрдү тыңшоого жүргүзүүгө укуктуу.";
5) 231-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте абоненттер менен абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) абоненттин турган жери жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.";
6) 233-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте адамды же жерди аудиовидео контролдоону жүргүзүүгө укуктуу.";
7) 234-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте адамга же жерге байкоо жүргүзүүгө укуктуу.";
8) 269-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч тергөө жүргүзүлгөн жерде же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген органдын орун алган жери боюнча өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, жабык соттук отурумда прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) тергөө токтотулган кылмыш иштери боюнча же айыпталуучунун келишин камсыз кылуу жана (же) издөөнү уюштуруу үчүн прокурорго жөнөтүлгөн соттун токтому болгондо айыпталуучуга издөө жүргүзүлөт. Мында ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.";
в) 5-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы жөнүндө маалыматтар;".
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030394/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>