# 2-берене

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030330/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5622/edition/35914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030330/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030330/st-2

---

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын: "15-1-статья. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин берүү

1. Муниципалдык менчик объекттери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында пайдаланууга же ижарага берилиши мүмкүн.

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин жеке өнөктөшкө пайдаланууга же ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижарага берилүүчү жер участогуна карата төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын эки ставкасынын өлчөмүндө жеңилдетилген (бир жылга) ижара акысын белгилөө менен, тоорук өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат. Ижара акысынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана мөөнөттөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда көрсөтүлүүгө тийиш.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330/st-3)
