1-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 26-майы, № 42) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1) Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруунун, реконструкциялоонун, оңдоонун сметалык паркын эсептөө методикасы - жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана негизги материалдардын рыноктук наркына мониторинг жүргүзүүгө негизделген эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 36-пункт менен толукталсын:
"36) эксперименттик долбоор - даярдоочу заводдордун маалыматтарына жана/же башка өлкөлөрдө мурда ишке ашырылган долбоорлорго негизделген болжолдуу сметалык наркын камтыган, автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаңы технологияны, жаны материалды же жаны жабдууну колдонуунун сыпаттамасы.";
2) 25-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун курулушу жана реконструкциясы үчүн зарыл болгон материалдарга кетүүчү финансылык чыгымдарды, алардын рыноктук баасын, жумуштардын наркын эске алуу менен, ошондой эле долбоорлонуп жаткан автомобиль жолун бойлоп кетүүчү электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүмүн жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды камтууга тийиш. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо алдын ала финансылык чыгымдарды эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер эксперименттик долбоорду ишке киргизүү боюнча чараларды, атап айтканда, башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаны ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды ишке киргизүү боюнча чараларды камтууга тийиш.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Долбоордук документтерде көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экспертизадан өткөн долбоордук чечимдер жана финансылык чыгымдар мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө тиешелүү бааларды белгилөө үчүн негиз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда гана кайра каралышы мүмкүн. Автомобиль жолун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо келишиминде көрсөтүлгөн нарктын жана долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарктын ортосундагы айырма 5 пайыздан ашпоого тийиш.".
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030324/st-1" title="1-берене - Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>