Кыргыз Республикасынын «1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 1-августу № 186
1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене. 1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга кошулсун.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директоруна депонирлесин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2025-жылдын 26-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.