Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 244 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 364 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 25-августу ПЖ № 244
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 364 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
28-декабрындагы № 364 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктта:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басарлары.”; жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.