# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 298-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 298-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 298-р
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19546/edition/35872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 298-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (11.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030297

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 17-апрели № 298-т

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 2025-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 2-пунктта "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пунктта "2024-жылдын III кварталы", "2024-жылдын IV кварталы" деген сөздөр "2025-жылдын II кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пунктта "2024-жылдын III кварталы", "2024-жылдын IV кварталы" деген сөздөр "2025-жылдын II кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 17-пунктта "2025-жылдын I кварталы" деген сөздөр "2025-жылдын II кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 25, 28-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 30-пунктта "2025-жылдын I кварталы" деген сөздөр "2025-жылдын II кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
