# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 686-р
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230030259/edition/35809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралуу) тескемеси (20.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030259

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 637-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 11-августу № 686-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарды долбоорлоо ишин пландоо максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзамдарды долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор:

1) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыздоону эске алуу менен Планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген мөөнөттөрдө иштеп чыгууну камсыз кылсын;

2) эки жумалык мөөнөттө мыйзамдарды долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитсин;

3) мыйзамдарды долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;

4) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

1) Пландын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырсын;

2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берип турсун.

4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына Планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 838-т тескемеси;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 128-т тескемеси;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 298-т тескемеси.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
